Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жана анын жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө, ошондой эле мезгил-мезгил менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун колдонуудагы формаларын өркүндөтүү маселеси боюнча кызыкдар болгон жактардан сунуштарын жана банктардын финансылык отчетторун чечмелөө боюнча талаптарды топтоо жөнүндө маалымдайт.  

Долбоор аркылуу реструктуризацияланган кредиттер боюнча кеӊири маалымат алуу максатында мезгил-мезгил менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун формаларын толуктоо жана финансылык отчетто камдардын көлөмүн чечмелөө бөлүгүндө тактоо киргизүү сунушталат.  

 1. Проблемалар жана негиздер  

Мезгил-мезгил менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун колдонуудагы формаларын өркүндөтүү төмөнкү проблемаларды чечүүгө багытталган: 

- реструктуризацияланган кредиттер боюнча маалыматты топтоодо бирдиктүү мамиленин жок болушу; 

- финансылык отчетто камдын өлчөмүн чечмелөө боюнча Улуттук банктын айрым талаптарын банктар тарабынан туура эмес түшүнүү тобокелдиги. 

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты мезгил-мезгил менен берилүүчү регулятивдик банктык отчетту өркүндөтүү

3. Сунушталып жаткан жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү

- банктардан кеӊири маалымат алуу; 

- жөнгө салуучунун банктардын ишине натыйжалуу көзөмөл жүргүзүүсү

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү

Бул ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы алгылыксыз натыйжаларды жаратпайт, анткени ал мезгил-мезгил менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун колдонуудагы формаларын өркүндөтүүгө, ошондой эле камдардын өлчөмүн чечмелөө боюнча талаптарды тактоого багытталган. 

5. Ишкердик субъектилери жөнгө салуу сунушталган адресаттар мүнөздөмөсү жана санына баа берүү  

Коммерциялык банктар, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коому, «Кепилдик фонду» ачык акционердик коому сунушталган жөнгө салуудан өтүүгө тийиш.  

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо.  

Сунушталып жаткан жөнгө салуу субъектилери сарптоолорго учурабайт.  

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну киргизүүдөн улам Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо. 

Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгашаларды талап кылбайт. 

Ачык консультация берүүлөрдүн катышуучулары үчүн суроолор тизмеги: 

- Жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечим чыгарууну талап кылган көрсөтүлгөн проблемалар туура деп саналабы? 

- Бул максат негиздүү, ага жетүү үчүн маанилүү болуп саналабы? 

- Сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты проблемаларды чечүү үчүн артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы? 

- Сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн? 

- Сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал? 

- Проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы? 

- Сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз.  

 

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр: 

1. Сунуштарды кабыл алуу:  

   

- электрондук почта аркылуу  

nipasova@nbkr.kg   

- почта дареги аркылуу  

720001,  

Кыргыз Республикасы, 

Бишкек ш., Чүй пр., 168  

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү  

2021-жылдын  

22-июнан кечиктирбестен  

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү 

2021-жылдын  

29-июнан кечиктирбестен