2021-жылдын 4-июнунда «PayDala» жоопкерчилиги чектелген шериктештиги (мындан ары – «PayDala» ЖЧШ):
- Cashello.kz эл аралык электрондук акча системасынын оператору катары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоодон өттү;
- 5014040621 каттоо номери менен Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган эл аралык электрондук акча системасынын операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин реестрине киргизилди.
Жогоруда белгиленген реестр Улуттук банктын расмий сайтында: www.nbkr.kg «Банктын милдеттери»/«Төлөм системасы»/«Эл аралык электрондук акча системалары» бөлүгүндө жайгаштырылган.
«PayDala» ЖЧШ – Cashello.kz электрондук акча системасынын оператору Казакстан Республикасы, Алматы шаары, Бостандык району, Аль-Фараби проспекти, 21-үй (8-блок), турак эмес 1149-жай (почта индекси 050013) дареги боюнча жайгашкан жана Казакстан Республикасынын Улуттук банкында төлөм уюму катары 2019-жылдын 6-сентябрында 02-19-057 каттоо номеринде катталган.