Микрокредиттик компаниялардын, микрокредиттик агенттиктердин, кепилдик фонддордун, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын жана алмашуу бюролордун ишин лицензиялоо жана жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын талаптарын өркүндөтүү, анын ичинде аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана техникалык өзгөрүүлөргө ылайык келтирүү максатында, Улуттук банк Башкармасынын « Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары долбоор) иштелип чыкты. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында «Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору» / «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Долбоор боюнча сунуш-пикирлерди 2021-жылдын 18-июлунан кечиктирбестен amuratov@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.