«Менин финансым» маалымат порталы менен бирге ар бир үйдө финансылык сабаттуулук 

 

2021-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана German Sparkassenstiftung тарабынан иштелип чыккан, «Менин финансым» (https://moifinansy.finsabat.kg) жаңы агартуу-маалымат берүү порталынын бет ачары болуп өттү. Портал Улуттук банктын маалымат платформасында жайгашып, анда финансылык сабаттуулук боюнча окуу материалдары жарыяланган. 

Заманбап технологияларды өнүктүрүү шартында «Менин финансым» агартуу-маалымат берүү ресурсун санарип форматта түзүү заман талабына ылайык жана актуалдуу болуп саналат, анткени ал дуалдык билим берүү боюнча окутуучуларга, мугалимдерге жана финансылык сабаттуулукка кызыккан бардык каалоочуларга керектүү методикалык колдоо көрсөтөт. Ар кандай турмуш жагдайларына байланыштуу билим берүү мекемелерине убактылуу бара албаган же материалдарды кошумча изилдеп чыгууга муктаж болгон жарандардын категориясы дагы аталган порталдан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ.