2021-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С. Абдыгулов Абу-Даби Ислам Банкынын (ADIB) эл аралык глобалдуу бизнес тобунун жетекчиси Абдулла Заид Аль Шеххи мырза жана ADIB эл аралык бизнесинин финансылык директору Майкл Мюррей мырза менен жолугушту.  

Жолугушуу учурунда тараптар Кыргыз Республикасында ислам банкингин андан ары өнүктүрүү жаатындагы кызматташуу, ислам каржылоо принциптери боюнча толук кандуу иштеген банкты түзүү маселелерин талкуулашты.  

Маалымат үчүн: Abu Dhabi Islamic Bank (Абу Даби Ислам Банкы) 1997-жылы Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби Эмиратында биринчи ислам банкы катары катталган. Азыркы учурда Abu Dhabi Islamic Bank Улуу Британия, Сауд Арабиясы Королдугу, Египет мамлекеттеринде ийгиликтүү иш алып барып, эл аралык рейтинг агенттиктер тарабынан жогору бааланып келет.