Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы колдонуудагы таасир этүүчү чаралары, анын ичинде тике банктык көзөмөл режими боюнча талаптарды банктардын ишине көзөмөл жүргүзүү боюнча практиканын талаптарын эске алуу менен актуалдаштыруу максатында, ошондой эле Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларынын талаптарын тактоо үчүн, 2021-жылдын 14-июлунда № 2021-П-12/38-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылган.