Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

эсептик ченди 7,50 пайызга чейин жогорулатты 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2021-жылдын 26-июлунда эсептик ченди (негизги ченди) 100 базистик пунктка 7,50 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Чечим 2021-жылдын 27-июлунан тартып күчүнө кирет. 

Пандемиянын кесепетинен кийин глобалдык экономиканын калыбына келиши кыйла тез арымда жүрүүдө. Ага мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча дем берүүчү чаралар менен калкты жалпы эмдөөдөн өткөрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин негизинде карантиндик чектөөлөрдүн кыскарышы өбөлгө түзүүдө. Соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдө иш жигердүүлүгүнүн калыбына келүүсүнүн тездетилген арымы Кыргыз Республикасында дагы соода-экономикалык мамилелердин калыбына келүүсүн шарттоодо. Бирок, COVID-19 вирусунун жаңы штаммдарынын пайда болуу тобокелдиктерин эске алганда, глобалдуу сыяктуу эле, регионалдык экономикалардын өнүгүүсүндө белгисиздик деңгээли жогорку чекте сакталып турат. 

Кыргыз Республикасында экономикалык жигердүүлүктүн калыбына келүүсү байкалууда (2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында, «Кумтөр» алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда, реалдуу ИДӨнүн өсүшү 3,7 пайызды түзгөн). Ошол эле учурда өнөр жай өндүрүшү менен курулуш көлөмүнүн кыскарышы өлкө экономикасынын толук масштабда калыбына келүүсүн чектөөдө. Ички керектөө салыштырмалуу деңгээлде анчалык калыбына келе элек, ал өлкөгө акча каражаттарын которуунун алгылыктуу динамикасы менен колдоого алынып турат. 2021-жылдын январь-май айларында жеке адамдардын акча которууларынын таза агылып кириши 778,1 млн АКШ долларын түзүү менен 45,3 пайызга жогорулаган. 

Кыргыз Республикасында керектөө товарларына баалардын өсүшү, негизинен азык-түлүк товарларына дүйнөлүк баанын өсүшүнүн эсебинен, күтүлгөндөн жогору болууда. 2021-жылдын июль айында (16сына карата) инфляция жылдык мааниде 15,0 пайызды түзгөн. Дүйнөлүк рыноктордо азык-түлүк товарларына баалардын байкаларлык жогорулашы жана аларды өндүрүүчү өлкөлөрдө сунуштун чектелиши Кыргыз Республикасында 2021-жылдын экинчи жарымында азык-түлүк товарларына болгон керектөө бааларынын өсүшү уланат деген тобокелдиктин келип чыгышын шарттайт. 

Акча-кредит шарттары негизинен олуттуу өзгөрүүлөргө кабылган жок. Акча рыногунун кыска мөөнөттүү чендери, бүтүндөй алганда, өсүү тенденциясына ээ болуп, Улуттук банк тарабынан белгиленген пайыздык чектин чегинде өзгөрүп турган. Акча рыногунун катышуучуларынын жигердүүлүгү кыска сегментте, негизинен, ачык рыноктогу операциялар боюнча жогорулаган. Банк тутумунда үстөк ликвиддүүлүк деңгээлинин өсүшү уланган. Мындай шарттарда өлкөдө инфляциялык басымды чектөө үчүн Улуттук банк үстөк ликвиддүүлүктөн арылтуу операцияларын жүргүзүүнү уланткан.  

Ички валюта рыногунда жагдай салыштырмалуу туруктуу сакталган. Дүң эл аралык резерв көлөмү 2021-жылдын 24-июлуна карата 2,7 млрд АКШ доллары эквивалентин түзгөн, бул 6 айга жакын импорт көлөмүнүн ордун жабат.  

Дүйнөлүк экономиканын калыбына келиши көп учурда кыйла коркунучтуу деп эсептелген COVID-19 вирусунун жаңы штаммдарынын жайылышына, мындан улам жаңы чектөө чараларынын киргизилишине жана дүйнө жүзү боюнча калкты эмдөө масштабына көз каранды. Тышкы товардык-чийки зат рынокторунда бир жактуу болбогон жагдай сакталууда (азык-түлүк товарларын өндүрүүчү өлкөлөрдө аба ырайынын жагымсыз шарттарынын натыйжасында). Мындан улам азык-түлүктүн айрым түрлөрүнө болгон дүйнөлүк баанын жогорулашы белгиленет. Бул факторлор орто мөөнөткө каралган келечекте биздин өлкөдө инфляциялык тобокелдиктердин жаралышын улантат.  

Тышкы чөйрөнүн өнүгүү өбөлгөлөрүн жана ички экономикалык шарттарды эске алуу менен Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 7,50 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан учурда Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатына кошумча корректировкаларды киргизүү мүмкүндүгүн билдирет.  

Улуттук банк туруктуу негизде тышкы жана ички факторлордун инфляцияга тийгизген таасирине баа берип турат жана экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын көрөт.  

 

Маалымат үчүн: 

 

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки отуруму 2021-жылдын 30-августунда өтөт.1  

 

 


1. Эгерде көрсөтүлгөн күн Кыргыз Республикасында жумуш эмес күнү деп жарыяланса, Улуттук банк Башкармасынын отуруму кийинки жумуш күнү өткөрүлөт. 

 

 

1-график. Кыргыз Республикасында жалпы инфляция 

(%, өткөн жылдын тиешелүү айына карата ай)  

2-график. Кыргыз Республикасында региондор боюнча инфляция 

(%, өткөн жылдын тиешелүү айына карата ай)  

3-график. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени 

(пайыздар)