Улуттук банк коомдук талкууга Улуттук банк Башкармасынын «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары долбоор) чыгарат. 

Долбоор банктык кызматтарды көрсөтүү үчүн кардарларды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо боюнча минималдуу талаптарды кеңейтүү максатында иштелип чыккан. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Коммерциялык банктар долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2021-жылдын 1-сентябрынан кечиктирбестен asadykov@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.