Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен 2021-жылдын 5-августунда ислам каржылоо принциптери боюнча «Ислам банкинги жана финансы принциптерине ылайык жүргүзүлгөн операциялар» аттуу темада вебинар өткөрдү. Программага ылайык вебинар мамлекеттик тилде калктын кеңири катмары үчүн даярдалган. 

Вебинарга Чүй областынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнес түзүмдүн, коммерциялык банктардын жана микрокредиттик уюмдардын өкүлдөрү катышты.