Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий маалыматы 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2021-жылдын 16-августунан тартып Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 30 жылдыгына карата «Тарыхый окуялар» сериясындагы «Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл» алтын жана күмүш коллекциялык монеталарын жүгүртүүгө чыгарат. 

 

Алтын монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетинен болуп, кыргыз элинин биримдигин жана гүлдөп-өркүндөшүн чагылдырган улуттук оюулар менен кооздолгон, жетишкендиктин жана бакубаттуулуктун символу катары боз үйдүн сүрөтү саналат. Боз үйдүн чок ортосунда «30 жыл» (30 лет) деген жазуу түшүрүлгөн. Монетанын төмөнкү бөлүгүндө монетанын номиналы жана улуттук валютанын графикалык символу «100 С» көрсөтүлгөн. Монетанын аталышы «Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл / Независимой Кыргызской Республике 30 лет» монетаны тегерете түшүрүлгөн.  

Монетанын арткы бетинде улуттук оюулар менен шырдактын кийиз килемдин сүрөтү түшүрүлгөн. Монетанын чок ортосунда Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетанын сол жагында сапат белгиси (Au 999°) жана монетанын салмагы (7,78 g), ал эми монетанын оң жагында чыгарылган жылы (2021) көрсөтүлгөн. Монетаны тегерете «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы / Национальный банк Кыргызской Республики» жазуусу түшүрүлгөн.  

 

«Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл»  

алтын коллекциялык монетанын өзгөчөлүгү 

 

Номиналы 

100 сом 

Металлы (сапат белгиси) 

Au 999  

Диаметри (мм) 

22,6 

Салмагы (г) 

7,78 

Аткаруу сапаты 

«Proof» 

Нускасы (даана) 

1 000 

Сатуу баасы 

50 660 с 

 

 

Күмүш монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетинен болуп, региондор аралык жана аймактык биримдиктин символу катары гүлдүн жети желекчеси түрүндө берилген жана «30 жыл» (30 лет) жазуусу менен бириктирилген, Кыргызстандын ар бир регионунун географиялык картасынын сүрөтү саналат. Монетанын төмөнкү бөлүгүндө «Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл» жазуусу түшүрүлгөн. Сол жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925) жана монетанын салмагы (28,28 g), оң жагында монетанын номиналы «10 сом» чагылдырылган. 

Монетанын арткы бетинин чок ортосунда өлкөнүн желегинин элесин билдирген, улуттук оюулар жана күндүн нурлары менен курчалган Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетанын төмөнкү бөлүгүндө чыгарылган жылы (2021) көрсөтүлгөн. Монетаны тегерете «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы / Национальный банк Кыргызской Республики» жазуусу түшүрүлгөн. 

«Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл»  

күмүш коллекциялык монетанын өзгөчөлүгү 

Номиналы 

10 сом 

Металлы (сапат белгиси) 

Ag 925  

Диаметри (мм) 

38,61 

Салмагы (г) 

28,28 

Аткаруу сапаты 

«Proof» 

Кошумча технологиялар 

Алтын жалатуу 

Түстүү басма  

Нускасы (даана) 

1 000 

Сатуу баасы 

3 410 с 

 

Ар бир коллекциялык монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага таңгакталган. 

Улуттук валютанын коллекциялык монеталары Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ. 

 

Коллекциялык монеталарды сатуу Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында иш күндөрү саат 9.00дөн 15.00гө чейин жүргүзүлөт, ошондой эле www.numizmat.nbkr.kg веб сайты аркылуу.