Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл» жаңы коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарып жаткандыгына байланыштуу 2021-жылдын 16-августунан тартып нумизматикалык баалуулуктарды, өлчөнгөн алтын куймаларын сатуу, ошондой эле эскилиги жеткен акчаларды алмаштыруу операцияларын кайрадан жүргүзө баштайт.