Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы  

Ислам өнүктүрүү банкынын башкаруучуларынын жылдык жыйынына катышты 

 

2021-жылдын 3-4-сентябрь күндөрү Кыргыз Республикасынан Ислам өнүктүрүү банкында башкаруучунун милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С. Абдыгулов жетектеп барган Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы Өзбекстан Республикасынын, Ташкент шаарында болуп өткөн Ислам өнүктүрүү банкынын башкаруучуларынын 46-жылдык жыйынына катышты. 

Жылдык жыйын учурунда бир катар маанилүү жолугушуулар, анын ичинде Ислам өнүктүрүү банкынын президенти, улуу урматтуу доктор Мохаммед бен Сулейман Аль-Жассер менен жолугушуу болуп өттү. Кыргыз делегациясынын башчысы Т.С. Абдыгулов аны президенттик кызматка дайындалышы менен куттуктап, жаңы кызмат ордунда ийгиликтерди жарата беришин каалады.  

Тараптар Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин өнүктүрүү жаатында кызматташуу маселелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасында Ислам банкын түзүү боюнча Ислам өнүктүрүү банкы менен биргеликте ишке ашырылып жаткан долбоорду талкуулашты. Т.С. Абдыгулов Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мохаммед бен Сулейман Аль-Жассерди Кыргыз Республикасына расмий визит менен келип кетүүгө чакырды. 

Мындан тышкары, Араб экономикалык өнүктүрүү боюнча Кувейт фондунун өкүлдөрү менен болгон жолугушуунун алкагында, кыргыз делегациясы Сауд өнүктүрүү фондунун Араб координациялык тобу боюнча өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашырылып Корумду-Балбай участогунда Ысык-Көлдү айланып өтүү автожолун реконструкциялоо долбоорун ишке ашырууга көрсөтүлгөн финансылык жардам үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле 2021-жылы Бишкек шаарында төртүнчү тегерек столду өткөрүү маселеси каралды. 

Эл аралык ислам соода-финансы корпорациясынын (МИТФК) башкы аткаруучу директору Хани Салем Сонбол менен болгон жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин өнүктүрүү жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.