Ош областынын тренер-мультипликаторлору үчүн тренинг 

 

Улуттук банк тарабынан German Sparkassenstiftung менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан өлкөлөрүнүн айыл жергесин өнүктүрүүгө, чакан жана орто ишмердик секторунун потенциалын күчөтүүгө көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында 2021-жылдын 7-сентябры жана 10-сентябры күндөрү аралыгында финансылык сабаттуулук боюнча тренер-мультипликаторлор үчүн кезектеги семинар уюштурулду. 

Семинардын программасы финансылык сабаттуулук боюнча бирдейлештирилген комплекстин негизинде даярдалган, ал 9 модулдан турат жана өз ара сессияларга бөлүнгөн. Комплекс Кыргыз Республикасынын калкынын эресеге жеткен катмары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча Базалык компетенциялар боюнча стандарттардын (билим, көндүм жана жүрүм-турум) бардык компоненттерин камтыйт. 

Тренер-мультипликаторлор үчүн биринчи семинар 2021-жылдын 31-майынан 4-июнуна чейин Ош шаарында болуп өткөн. Бул семинарда катышуучулар жашоо сапатын жакшыртууга багытталган чечимдерди кабыл алуу үчүн өзгөчө маанилүү болгон үй-бүлөлүк бюджет, финансылык пландаштыруу, үнөмдөөнүн максаттары жана артыкчылыктары сыяктуу аспектилерди камтыган «Каражат топтоо» темасында иштиктүү оюнду ойноо көндүмдөрүнө үйрөнүшкөн.