2021-жылдын 14-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С. Абдыгулов Европа/Борбордук Азия департаментинин жетекчиси Маттиас Фосс мырза жетектеп келген German Sparkassenshtiftung (Германия эл аралык кызматташуу Шпаркасс фонду) фондунун расмий өкүлдөрү менен жолугушту. 

Жолугушуу учурунда «Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан өлкөлөрүнүн айыл жергесин өнүктүрүүгө, чакан жана орто ишмердик секторунун потенциалын күчөтүүгө көмөк көрсөтүү» долбоорун ишке ашыруунун алкагында калктын финансылык сабаттуулугун арттыруу чөйрөсүндө иш-аракеттерди биргелешип жүргүзүү жана эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды. Аталган биргелешкен долбоор Германия эл аралык кызматташуу Шпаркасс фондунун колдоосу менен Улуттук банк тарабынан айыл тургундарынын финансылык кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу, киреше алууга дем берүү үчүн алардын финансылык сабаттуулугун жана ишкердик жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле максаттуу топторду тышкы факторлордун таасиринен коргоону (туруктуу болушун) камсыз кылуу максатында ишке ашырылып жатат.