German Sparkassenstiftung менен биргеликте Улуттук банк тарабынан ишке ашырылып жаткан финансылык сабаттуулук боюнча «Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан өлкөлөрүнүн айыл жергесин өнүктүрүүгө, чакан жана орто ишмердик секторунун потенциалын күчөтүүгө көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында, 2021-жылдын 17-19-сентябрында Бишкек шаарында «Калктын эресеге жеткен катмарын окутуунун негиздери» темасында семинар болуп өттү, бул семинар Ош областында финансылык сабаттуулук боюнча тренер-мультипликаторлор үчүн билим берүүнүн кезектеги циклин аяктаган иш-чара болду.  

Семинардын жүрүшүндө калктын эресеге жеткен катмарын окутуу концепциясы, маалыматты натыйжалуу берүү ыкмалары жана башка маселелер каралды. Семинардын катышуучулары калктын эресеге жеткен катмарын натыйжалуу окутууну уюштуруу үчүн ар түрдүү методикалык ыкмаларды үйрөнүштү

Буга чейин финансылык сабаттуулук боюнча тренерлер финансылык сабаттуулуктун негиздери жана «Каражат топтоо» деп аталган иштиктүү оюн өткөрүү көндүмдөрү боюнча окутуудан өтүшкөн.