Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын Валюта саясаты боюнча консультативдик кеңешинин 22-отуруму, Бишкек ш., Кыргыз Республикасы 

 

2021-жылдын 23-сентябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагалыгы алдында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын Валюта саясаты боюнча консультативдик кеңешинин, тактап айтканда, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин улуттук (борбордук) банктарынын валюта саясаты боюнча өз ара кызматташуусун өнүктүрүү жана тереңдетүү жагында иш алып барган ЕАЭБге кирген мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын консультативдик жана кеңеш берүүчү органынын 22-отуруму болуп өттү

Аталган отурумга Армян Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын, Кыргыз Республикасынын борбордук (улуттук) банктарынын, ошондой эле Казакстан Республикасынын Финансы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчилери катышты. 

Отурумдун катышуучулары учурдагы экономикалык абалды жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердеги акча-кредит саясатын ишке ашыруунун жүрүшүн, финансы рыногун жөнгө салуу боюнча улуттук органдарды көзөмөлдөгөн орган жана стандартташтырылган лицензия жөнүндө макулдашуулардын долбоорлорун, ошондой эле интеграциялык өз ара аракеттенүү боюнча башка бир катар актуалдуу маселелерди талкуулады. 

 

Маалымат үчүн: Валюта саясаты боюнча консультативдик кеңеш Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын консультативдик-кеңеш берүүчү органы болуп саналат, анын негизги милдеттерине ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин улуттук (борбордук) банктарынын валюта саясаты боюнча өз ара кызматташуусун өнүктүрүү жана тереңдетүү кирет.