Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө  

БИЛДИРҮҮ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасында электрондук акча  жөнүндө» жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргендигине байланыштуу анын жаңы редакциясын иштеп чыгуу маселелери боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү, ошондой эле кызыкдар болгон жактардан сунуштарды топтоо тууралуу билдирет. 

 Долбоор электрондук акчаларды чыгаруу, ордун жабуу жана жайылтуу маселелери боюнча коммерциялык банктар-эмитенттердин, эл аралык/локалдык электрондук акча системаларынын, алардын агенттеринин, субагенттеринин, электрондук акча системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салууга багытталган. 

 

1. Проблемалар жана негиздер.   

 Бүгүнкү күндө электрондук акча кеңири жайылып, модернизацияланып жатат. Ушуга байланыштуу «Кыргыз Республикасындагы электрондук акча жөнүндө» жобонун колдонуудагы редакциясын өркүндөтүү зарылдыгы келип чыкты. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында электрондук акчаны иш жүзүндө колдонуу практикасына таянып, түзөтүүлөрдү киргизүү жана ченемдерди тактоо зарылдыгы жаралды. 

 

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты  «Кыргыз Республикасындагы электрондук акча жөнүндө» жобону терминдер менен аныктамалар боюнча Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык келтирүү, банк-эмитенттерге карата талаптарды тактоо, Кыргыз Республикасында электрондук акчаларды жөнгө салуу боюнча ченемдик базаны өркүндөтүү. «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобонун колдонуудагы редакциясына пландаштырылган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тексттин жарымынан көбүн түзгөндүгүнө байланыштуу «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 17-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ченемдик укуктук актыны жаңы редакцияда тариздөө сунушталат. 

 

3. Сунушталып жаткан жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү:   

-  Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү

- электрондук капчык ээлеринин укуктарын коргоо. 

 

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү:   

Бул ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы алгылыксыз кесепеттерге алып келбейт. 

 

5. Ишкердик субъекттери  жөнгө салуу сунушталган адресат боюнча мүнөздөмө жана санына баа берүү.  

Сунушталган жөнгө салуу коммерциялык банктардын, эл аралык/локалдык электрондук акча системаларынын, алардын агенттеринин, субагенттеринин, электрондук акча системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салууга тиешелүү.  

  6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдасын болжолдуу баалоо.  

Сунушталган жөнгө салуунун субъектилери өздөрүнүн белгиленген бюджеттеринин чегинде сарптоолорго учурашат. 

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну киргизүүдө Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо.   

 Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгымдарды талап кылбайт. 

 

 Коомдук консультациянын катышуучулары үчүн суроолор:   

- жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылган, көрсөтүлгөн проблемалар туура болуп саналабы;  

- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы;  

- сунушталып жаткан жөнгө салуу проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы;  

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн;  

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал;  

- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы;  

- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз.   

  

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр:  

1. Сунуштарды кабыл алуу:   

  

- электрондук почта аркылуу  

azmambetalieva@nbkr.kg    

- почта дареги аркылуу  

Кыргыз Республикасы, 720001, Бишкек ш., Чүй пр., 168   

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү 

2021-жылдын 26-октябры 

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий сайтына жайгаштыруу мөөнөтү  

2021-жылдын 3-ноябры