2021-жылдын 19-ноябрында Бишкек шаарындагы А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмеси тарабынан уюштурулган кезектеги банктык тегерек стол маеги болуп өттү

Банктык тегерек стол отурумунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесинин, коммерциялык банктардын, микрофинансылык сектордун, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу кызматынын, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын жана «Кепилдик фонд» ААКтын өкүлдөрү катышты. 

Иш-чаранын катышуучулары акча рыногун андан ары өнүктүрүүгө, банк системасында туруктуулукту сактоого жана коронавирус инфекциясынан улам кризистин кесепеттерин жөнгө салууга, банктык кызматтарды санариптештирүүнү өнүктүрүүгө, ошондой эле банктык жөнгө салууну өркүндөтүүгө багытталган банк секторунун эң эле маанилүү маселелерин талкуулашты. 

Банктык тегерек стол маеги банк секторунун катышуучулары үчүн банк системасындагы маселелерди талкуулоого шарт түзгөн аянтча болуп саналат.