Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

эсептик ченди 8,0 пайызга чейин жогорулатты  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2021-жылдын 29-ноябрында эсептик ченди (негизги ченди) 50 базистик пунктка 8,0 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Чечим 2021-жылдын 30-ноябрынан тартып күчүнө кирет. 

Дүйнө жүзүндө жана Кыргыз Республикасынын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүндө иш жигердүүлүгүнүн өсүшү экономикалык калыбына келүү активдүү жүрүп жаткандыгына жана COVID-19 вирусунун улам жаңы штаммдарына каршы жаңы чектөө чараларын киргизүүгө байланыштуу бир аз басаңдаган. Пандемиянын кесепеттерин төмөндөтүүгө багытталган өбөлгө түзүү чараларынын натыйжалары менен чогуу глобалдуу логистикалык тармактарда сакталган чектөөлөр дүйнөдөгү бардык мамлекеттерде инфляциянын жогору болушун шарттайт.  

Кыргыз Республикасынын экономикасы кармалып турган өсүш арымды көрсөтүүдө, ошондой эле өлкө экономикасынын пандемияга чейинки калыбына келүү фазасы аягына чыга элек. 2021-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча реалдуу ИДӨнүн өсүшү 1,6 пайызды түзгөн. Ошол эле учурда «Кумтөр» алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда ИДӨнүн өсүш арымы 4,1 пайыз чегинде катталган. Өлкөгө акчалай которуулардын көлөмүнүн өсүшү экономиканын калыбына келүүсү боюнча оң динамиканы бекемдөөдө. 2021-жылдын январь-сентябрь айлары ичинде жеке адамдар которгон акча каражаттарынын таза агымы 19,0 пайызга жогорулап, 1,6 млрд АКШ долларына жакын өлчөмдө түптөлгөн.  

Керектөө бааларынын түптөлгөн динамикасына ар кандай монетардык эмес факторлор өз таасирлерин тийгизүүдө. 2021-жылдын ноябрь айында (19уна карата) инфляция жылдык мааниде 12,1 пайызды түзгөн. Жыл башынан тартып баалар 9,5 пайызга өскөн. Дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы баалардын туруктуу өсүшү, тарифтердин жана жөнгө салынуучу баалардын жогорулашы (коомдук транспортторго жана электр энергиясына тарифтердин жогорулашы), ошондой эле энергия ресурстарына баалар жогорулаган дүйнөлүк тенденцияга байланыштуу күйүүчү-майлоочу материалдарынын бааларынын кыйла өсүшү Кыргыз Республикасында керектөө бааларынын өсүшүн түптөгөн негизги факторлордон болуп эсептелет. 

Инфляция улам жогорулаган жана инфляциялык күтүүлөр өскөн шартта, Улуттук банк акча-кредит шарттарын күчөтүү чараларын уланткан. Акча рыногунда кыска мөөнөттүү пайыздык чендер негизги чендин артынан жогорулаган жана пайыздык чектин чегинде калыптанган. 

Монетардык саясат тармагындагы тактикалык чечимдер банк секторунда үстөк ликвиддүүлүк олуттуу өскөн жана анда «кыска акча» көптүк кылган шартта кабыл алынган. Мындай шарттарда акча рыногунун кыска сегменти катышуучулардын кыйла жогорку активдүүлүгү менен мүнөздөлгөн. Жалпы алганда, Улуттук банк жүргүзүп жаткан акча-кредит саясаты улуттук валютадагы активдердин кирешелүүлүгүн өстүрүүгө жана аларды тартууну арттырууга мүмкүндүк берген.  

Ички валюта рыногундагы жагдай туруктуу сакталган. Улуттук банк өзгөрүлмөлүү алмашуу курсу режимин колдонуу менен алмашуу курсунун кескин өзгөрүүлөрүн текшилөө максатында валюталык тооруктарга катышат.  

Азык-түлүк товарларына болгон дүйнөлүк баалардын мындан ары да өсүшү Кыргыз Республикасында инфляцияны шарттаган негизги факторлордун бири боло тургандыгы күтүлөт. Администрациялануучу жана жөнгө салынуучу баалар менен тарифтердин өсүшү инфляцияга кошумча салымын кошот. 

Тышкы чөйрөнүн өнүгүү өбөлгөлөрүн жана ички экономикалык шарттарды эске алуу менен Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 8,0 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан учурда Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатына кошумча корректировкаларды киргизүү мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт.  

Улуттук банк туруктуу негизде тышкы жана ички факторлордун инфляцияга тийгизген таасирине баа берип турат жана экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын көрөт.  

 

График 1. Кыргыз Республикасында жалпы инфляция 

(%, өткөн жылдын тиешелүү айына карата ай)  

 

 

2-график. Кыргыз Республикасында региондор боюнча инфляция 

(%, өткөн жылдын тиешелүү айына карата ай)  

 

3-график. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени 

(пайыздар)