Кыргыз Республикасынын банк системасы  

штаттык режимде иштеп жатат 

 

Улуттук банк учурда Кыргыз Республикасынын бардык коммерциялык банктары штаттык режимде туруктуу иштеп жатканын жана улуттук сыяктуу эле эл аралык төлөм системалары боюнча төлөмдөрдү кошо алганда, кардарларга банк кызматтарынын толук чөйрөсү көрсөтүлүп жатканын билдирет. 

Банк секторунун негизги көрсөткүчтөрү жетиштүү туруктуулукту көрсөтүү менен жогорку деңгээлде сакталып турат. Акыркы отчеттук датага карата банк системасы боюнча суммардык капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенти, 12% кем болбоого тийиш деген минималдуу талап кылынган деңгээл белгиленген шартта, 23,0% түзгөн. Банк системасы боюнча ликвиддүүлүк коэффициенти, 45,0% төмөн болбоого тийиш деген ченемде, 68,7% чегинде катталган. Банк секторунун суммардык активдери 342,8 млрд. сомду түзгөн. 

Улуттук банк бардык маселелер боюнча, анын ичинде банк кызматтарын көрсөтүү менен байланышкан суроолор боюнча түздөн-түз коммерциялык банктарга, интернет сайттарды, колл-борборлорду, социалдык тармактар менен мессенджерлерди кошуу менен бардык байланыш каналдары боюнча кайрылууну сунуштайт. 

Мындан тышкары, социалдык тармактар менен мессенджерлер аркылуу таркатылып жаткан маалыматтарды кошо алганда, кайсы болбосун маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана коммерциялык банктардын расмий сайттарынан текшерүүнү сунуштайт.  

Ошондой эле Улуттук банкта коомдук кабылдама кызматы иштеп жатканын билдирет, коомдук кабылдамага +996 (312) 61-04-86 телефондору аркылуу кайрылууга болот. 

Кыргыз Республикасынын банк системасы бекем жана туруктуу.  

Улуттук банк кырдаалга туруктуу негизде байкоо жүргүзүп турат жана көзөмөлгө алат, зарыл болгон учурда өлкөнүн банк жана төлөм системасынын туруктуулугу менен коопсуздугун андан ары камсыз кылуу үчүн, кардарлардын, аманатчылардын жана банктардын башка кредиторлорунун кызыкчылыктарын коргоо үчүн тиешелүү чараларды көрөт.