Түзүлгөн күнү: 2022-03-04
Улуттук банк Санарип сом концепциясынын долбоорун (мындан ары – Концепция долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Концепция долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.
Улуттук банктын көзөмөлүндөгү уюмдар жана башка кызыкдар болгон тараптар Концепциянын долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2022-жылдын 4-апрелинен кечиктирбестен easanov@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.
Суроолор боюнча: + 996 (312) 61 14 34/996 550 99 85 77 телефондоруна кайрылыңыз.