Банк системасында туруктуулукту камсыз кылуу жана учурдагы геосаясий кырдаалдын кесепеттерин азайтуу максатында Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 23-мартында № 2022-П-12/17-6-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ишин жөнгө салуу боюнча кошумча убактылуу чечимдери жөнүндө» токтомун кабыл алды. 

Аталган токтом менен коммерциялык банктарга ликвиддүүлүк ченемдерин эсептөөдө Россия Федерациясынын суверендүү рейтингин, ошондой эле Россиянын контрагент банктарынын рейтингин 2022-жылдын 1-февралына карата белгиленген деңгээлинде сактоого уруксат берилди. Бул чара 2022-жылдын июлуна чейин колдонулат. 

Токтом Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттуулугунун жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча нускоого жана «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобого банктарга чет өлкө валютасында жаңыдан берилген кредиттер боюнча маалыматты Улуттук банкка тапшыруу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн техникалык өзгөртүүлөрдү дагы камтыйт. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат.