Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2022-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу максатында, Улуттук банктын төрагасынын орун басары З.Л. Чокоевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Санарип сом концепциясынын долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол өткөрдү

Тегерек столдун жүрүшүндө Санарип сом концепциясынын долбоорун иштеп чыгуунун негизги баскычтары, Кыргыз Республикасынын аймагында санарип сомду киргизүүнүн ыкмалары, санарип сомдун артыкчылыктары жана андан келип чыгуучу тобокелдиктер, санарип сомдун мамлекеттин финансы системасына жана өлкөнүн финансы рыногуна тийгизген таасиринин мүмкүн болгон варианттары, ошондой эле финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн жана мамлекеттик бюджеттик каражаттарды алган/Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине төлөгөн адамдардын укуктарын коргоону камсыз кылуу маселелери талкууланды.