Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

ЖМК арасында «Улуттук банкка 30 жыл» темасын эң мыкты чагылдыруу боюнча республикалык сынак жарыялайт 

 

 

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында, журналисттер арасында “Улуттук банкка 30 жыл” темасын мыкты чагылдыруу боюнча республикалык сынак жарыялайт. 

Сынакка, борбор калаада сыяктуу эле аймактык жалпыга маалымдоо каражаттарында, анын ичинде телеберүүдө жана радиодо жарыялаган, Кыргыз Республикасынын басма сөз жана электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин эмгектери катыша алат. 

Сынакка катышкан бир автордон сунушталуучу материалдын санына жана эмгектин көлөмүнө чек коюлбайт. 

Сынакка сунушталган эмгек 2022-жылдын 10-майынан 10-октябрына чейинки мезгил аралыгында жарыяланууга же эфирге чыгарылууга тийиш. 

Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт: 

- Мамлекеттик тилде мыкты теле материал; 

- Расмий тилде мыкты теле материал; 

- Мамлекеттик тилде мыкты радио материал; 

- Расмий тилде мыкты радио материал; 

- Мамлекеттик тилде жалпыга маалымдоо каражаттары басма сөздөрүндө жарыяланган мыкты материал; 

- Расмий тилде жалпыга маалымдоо каражаттарынын басма сөздөрүндө жарыяланган мыкты материал; 

- Мамлекеттик тилде Интернет басылмаларында жарыяланган мыкты материал; 

- Расмий тилинде Интернет басылмаларында жарыяланган мыкты материал; 

- Региондо жарыяланган мыкты материал; 

 

Сынакка катышкан эмгектерди баалоонун негизги критерийлери: 

- материалдын сынакта жарыяланган темага, номинацияга, сынактын шарттарына ылайык келиши; 

- объективдүү чагылдыруу; 

- колдонулган маалыматтардын тактыгы, жеткиликтүү маалымдоо;  

- теманын толук ачып берүү

- ар түрдүү форматтар жана визуализация (мултимедиа). 

Сынакка катышуу үчүн талапкерлер сынакка катышуу билдирмесин онлайн режиминде толтурууга тийиш - https://forms.gle/GZXWCrxiv8qod2Yb9 

Сынактын жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнү алдында 2022-жылдын ноябрь айында Бишкек шаарында жеңүүчүлөрдү сыйлоо боюнча салтанаттуу аземинде жарыяланат. 

Кененирээк маалыматты www.nbkr.kg сайтындагы "Сынактар" бөлүмүндө жайгашкан.