Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду. 

1. 2022-жылдын 18-майынан тартып 01-июнун кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсү 68 б дареги боюнча жайгашкан «МОСИ» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2021-жылдын 21-июлундагы № 6171 лицензиясы; 

2. 2022-жылдын 18-майынан тартып 01-июнун кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

Жалал-Абад шаары, Н.Айтматова, н/ж (болжол: борбордук базар) дареги боюнча жайгашкан «ЯСИЙН» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2021-жылдын 30-июнундагы № 6159 лицензиясы.