Кыргыз Республикасынун Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – долбоор) коомдук талкууга сунуштайт.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында «Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору»/«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому» бөлүгүндө жайгаштырылган.
Кызыкдар болгон тараптар долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2022-жылдын 8-июлунан кечиктирбестен adjakubova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.