Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эл аралык акча которуу системалары боюнча келип түшкөн акча каражаттарын алууга байланышкан маселелер боюнча жарандардын кайрылууларына байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет. 

Экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары АКШ долларынын чыгып кетишине байланыштуу жагымсыз кесепеттерди төмөндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2022-жылдын 18-апрелинде акча которуу системалары боюнча акча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерине (мындан ары Эрежелер) убактылуу өзгөртүүлөрдү киргизген. 

Азыркы учурда алуучуга Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык акча которуу системасы аркылуу которулган акча жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында же улуттук валюта сом менен гана берилиши мүмкүн. Ошол эле учурда, Улуттук банк акча которуулардын суммасы боюнча кандайдыр бир чектөөлөрдү белгилеген эмес.  

Эрежелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү акча которуу системалары боюнча Россия Федерациясынан, Казакстан Республикасынан АКШ долларында келип түшкөн которуулардын көлөмүнүн кескин көбөйүүсүнө байланыштуу болгон. Кыргыз Республикасынын банктарында акча которууларды которуу валютасында, б.а нак АКШ долларында алуу менен Кыргыз Республикасынан чет өлкө валютасын алып чыгууга/алып кирүүгө тыюу салуунун жоктугунан улам, алуучулар АКШ долларын өлкө чегинен сырткары көп өлчөмдө алып чыгышкан жана алып чыгышууда. Бул Кыргыз Республикасынын финансы рыногунда нак АКШ долларынын жетишсиздигине байланыштуу жагдайдын орун алышын шарттайт.  

Россия Федерациясы менен Казакстан Республикасында өтүп жаткан жылдын март айынын башында 10 000 (он миң) АКШ доллары эквивалентинен ашкан суммада нак чет өлкө валютасын алып чыгууга тыюу салынган.  

Акыркы учурда Кыргыз Республикасынын ички валюта рыногунда да нак АКШ долларынын бир аз жетишсиздиги байкалууда, бул өз кезегинде, калктын валюталар менен алмашуу операцияларын жүргүзүү жагында суроо-талабын толугу менен канааттандырууга мүмкүндүк бербей келет. Мындай жагдай, айрым жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан өлкө аймагында нак жана нак эмес орус рублин, нак эмес АКШ долларын алып кирүү/которуу боюнча алып сатарлык операцияларды жүргүзүп, алар Кыргызстан банктарында нак акчага айландырылып, өлкөнүн чегинен тышкары чыгарылып жаткандыгы менен шартталган. Мындай операцияларды жүргүзүүнүн негизги максаты орус рубли/АКШ доллары ортосунда курстук айырмадан алып сатарлык киреше алуу. Бул, айрым Кыргызстан банктарын эл аралык акча которуу системалары боюнча түшкөн акча каражаттарын алуу жагында кардарларды тейлөөдөн убактылуу баш тартууга мажбур кылууда. 

Улуттук банк валюталар менен алмашуу операцияларын жүргүзүү боюнча кандайдыр бир чектөөлөрдү, анын ичинде акча которуу суммасы боюнча чектөөлөрдү киргизген эмес.  

Алмашуу/которуу суммалары боюнча айрым коммерциялык банктардын белгилеген чектөөлөрү ошол белгилүү бир банкта нак АКШ долларынын кандайдыр бир деңгээлде жетишсиз болушуна байланыштуу болуп жатат. 

Азыркы учурда коммерциялык банктар кардарлар алдында өз милдеттенмелерин аткаруу үчүн нак АКШ долларынын зарыл көлөмү менен камсыздоо ишин жигердүү жүргүзүп жатышат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, өз кезегинде, коммерциялык банктарга мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде көмөк көрсөтүүдө.  

Ошол эле учурда валюта рыногунда нак эмес АКШ долларынын көлөмү өсүүдө, бул Улуттук банкты алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында банктар аралык валюта рыногунда нак эмес АКШ долларын сатып алуу боюнча интервенцияларды жүргүзүүгө мажбурлайт (2022-жылдын башынан тартып жалпы суммасы 131,59 млн АКШ долларына сатып алуу боюнча алты интервенция жүргүзүлгөн).  

Улуттук банк өлкөнүн финансы рыногундагы кырдаалга туруктуу негизде талдоо жүргүзүп турат жана зарыл болгон учурда мыйзамга ылайык чараларды көрөт.