2022-жылдын 30-апрелинен тартып 30-июнуна чейин банктар менен коомдук талкуудан өткөн «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына кредиттик тобокелдик маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбооруна (мындан ары токтом долбоору) жаңы толуктоолор киргизилгендигине байланыштуу, Улуттук банк көрсөтүлгөн токтом долбоорун банктар менен талкуулоо үчүн киргизилип жаткан толуктоолор менен кайрадан коомдук талкууга сунуштайт. 

Жаңы толуктоолор ушул токтом долбоору боюнча айрым актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн банктардын өкүлдөрү менен болгон жолугушуунун (2022-жылдын 5-июлундагы) жыйынтыгында иштелип чыкты. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/ «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2022-жылдын 2-сентябрынан кечиктирбестен: jkonoeva@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.