Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, «Виртуалдык активдерге байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары долбоор) коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында «Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору»/«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Кызыкдар болгон тараптар долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2022-жылдын 9-сентябрынан кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, ошондой эле электрондук версиясын ntaalaibekov@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.