2022-жылдын 18-августунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.А.Касымалиев жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев төрагалык кылган Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү. Ага министрликтердин жана ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, коммерциялык банктардын, акционердик коомдордун, юридикалык жактар бирикмеси формасындагы тармактык ассоциациялардын өкүлдөрү катышышты.  

Отурумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдаргамамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу, анын ичинде банк жабдууларын орнотуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 869 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомун аткаруу маселелери каралган. 

Отурумдун жыйынтыгында тиешелүү министрликтерге жана ведомстволорго тапшырмалар берилди.