Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.  

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамы менен ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык келтирүү, ошондой эле AAOIFI № 8 «Мурабаха» шариат стандартынын колдонулушун кеңейтүү максатында иштелип чыкты. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Коммерциялык банктар токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2022-жылдын 18-сентябрынан кечиктирбестен электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.