Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» кабыл алынган мыйзамына ылайык келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кепилдик фонддор боюнча айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) иштелип чыкты. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында «Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору» / «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Сектор токтом долбоору боюнча сунуштарын жана сын-пикирлерин 2022-жылдын 18-сентябрынан кечиктирбестен amuratov@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.