Улуттук банктын төрагасы К.К. Боконтаев 2022-жылдын 22-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин башчысы А.У. Жапаров төрагалык кылган банк сектору менен болгон кеңешмеге катышты.  

Өлкө жетекчисинин коммерциялык банктар менен өткөргөн кеңешмесинде өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө жана экономиканын артыкчылыктуу багыттарын ишке ашырууда банк секторунун аткарган ролу башкы маселелерден болду.  

Кеңешмеге Улуттук банктын өкүлдөрү, мамлекеттик органдар менен коммерциялык банктардын жетекчилери катышты. 

Кеңешменин жүрүшүндө Акылбек Жапаров, финансылык кызматтардын баарына бирдей жеткиликтүү болушун камсыз кылуу жана калктын финансы системаларына болгон ишенимин арттыруу максатында, финансылык инфраструктураны андан ары өнүктүрүү жана банк секторуна алдыңкы технологияларды жайылтуу зарылдыгын белгилеп, банктарды өлкөдө экономикалык жигердүүлүктү жогорулатуу, анын ичинде инвестициялык артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоодо коммерциялык банктардын ресурстарын консолидациялоо аркылуу ички жана тышкы рыноктордон инвестицияларды тартуу максатында мамлекет менен өз ара иш алып барууга активдүү катышууга чакырды. 

Жолугушуу учурунда кеңешменин катышуучулары банк секторундагы кыйла актуалдуу маселелерди, банк системасынын туруктуулугун мындан ары да сактоо чараларын жана орун алган көйгөйлөрүн, ошондой эле банктык продукттарды региондорго сунуштоону кеңейтүү маселесин кошуу менен ата мекендик банк секторун келечекте өнүктүрүү багыттарын талкуулашты.