Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын аларды оптималдаштыруу жолу менен өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 17-августунда №2022-П-33/52-2-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомун кабыл алды. 

Жогоруда аталган токтом менен микрофинансылык уюмдардын, кредиттик союздардын, кепилдик фонддордун, турак жай-сактык кредиттик компанияларынын, адистештирилген финансы мекемелеринин жана Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү талаптарын белгилеген ченемдик укуктук база оптималдаштырылат. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.