Маалыматтык билдирүү 

 

Жалпыга маалымдоо каражаттарынан Улуттук банктын баалуу металлдар менен жүргүзгөн операциялары боюнча келип түшкөн суроо-талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөнкүлөрдү билдирет. 

Коопсуздук принцибин сактоо зарылчылыгы байланыштуу Улуттук банктын баалуу металлдар менен жүргүзгөн операциялары жөнүндө маалыматтар купуя маалымат категориясына кирет, аларды ачыкка чыгарууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында чектөөлөр белгиленген. Мындай маалыматты ачыкка чыгаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралган, ошондуктан толук маалымат берүү мүмкүн эмес. 

Кыргыз Республикасында баа жана финансы туруктуулугун сактоого багытталган акча-кредит саясатын ишке ашыруунун алкагында, Улуттук банк борбордук банктар үчүн стандарттуу болгон баалуу металлдарды сатып алуу, сактоо жана тышкы рынокторго чыгаруу операцияларын мыйзам талаптарын сактоо менен жүргүзөт, мунун максаты аларды андан ары жайгаштыруу жана/же сатып өткөрүү болуп саналат.  

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Улуттук банктын мыйзамда каралган Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн алтынды сатып алуу укугунун негизинде Улуттук банк акча-кредит саясатын жүргүзүү үчүн зарыл болгон баалуу металлдардын көлөмүн сатып алат. 

Улуттук банк ички рынокто алтынды «Кыргызалтын» ААКтан сатып алат, ал эл аралык стандарттарга жооп берген өлкөдөгү алтын өндүрүүчү ири ата мекендик ишкана болуп саналат. 

Белгилей кетүүчү нерсе, Улуттук банк ички рыноктон сатып алган алтындын баарын эле жайгаштыра бербейт же сатып өткөрө бербейт, алардын бир бөлүгү Улуттук банктын сактоо жайында сакталат. 

Буга чейин маалымдалгандай, Улуттук банк 2021-жылдын башында чет өлкө валютасындагы ликвиддүүлүктү камсыздоо максатында, 1,1 миллиард АКШ долларына жакын суммада алтынды (19 тонна) Европа өлкөлөрүнүн бирине жайгаштырган. Бул алтын Кумтөр кенин кошпогондо, Кыргызстандын аймагында казылып алынган кенден өндүрүлгөн, бул «Кыргызалтын» ААКтын тиешелүү документтери менен тастыкталат. Алтынды бажы чек арасы аркылуу алып өтүүдө, бул операция экспорттук операция катары чагылдырылат.  

Мындан тышкары, Улуттук банк «Кыргызалтын» ААКнан Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн алтынды, анын ичинде «Кыргызалтын» ААК тарабынан «Кумтөр» кенин өндүрүүчүлөрдөн сатып алган алтын да алат. Мындай алтын ташып чыгуу боюнча операциялар буга чейин Улуттук банк тарабынан жүргүзүлгөн эмес. 

Улуттук банк расмий статистикалык маалымат катары Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары эсептеле тургандыгын белгилейт. Улуттук банк дагы бир жолу, Улуттук статистика комитети жарыялаган 2021-жыл ичиндеги тышкы соода боюнча маалыматтар, 1,1 млрд АКШ долларынын тегерегиндеги суммада 19 тоннага жакын алтындын экспорту тууралуу маалыматтар экендигин тастыктайт. Ал акча-кредит саясатынын алкагында чет өлкө валютасында ликвиддүүлүктү камсыздоо максатында Европа өлкөлөрүнүн бирине алтынды жайгаштыруу боюнча 2021-жылдын башында келтирилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын операцияларын чагылдырат. 

Улуттук банктын статистикалык бюллетенинде алтын валюта резервдери түрүндөгү алтын калдыктары тууралуу маалыматтар отчеттук мезгилдин аягында миӊ трой унциясында келтирилет. Тилекке каршы, Улуттук банктын 2021-жылдын август айы үчүн статистикалык бюллетенинде техникалык ката кеткен, ал кийинки статистикалык бюллетендин басылмасында корректировкаланат. Улуттук банк мындай ката кетип калгандыгы үчүн кечирим сурайт.  

Аталган катаны корректировкалоону эсепке алуу менен Улуттук банктын алтын валюта резервиндеги алтындын калдыгы 2021-жылдын башына карата 16,77 тоннаны (539 259,61 трой унция), толуктоо 12,62 тоннаны, сатылганы 19,2 тоннаны жана 2021-жылдын акырына карата калдык 10,19 тоннаны түзөт (327 706,05 трой унция). 

Кошумчалай кетсек, Улуттук банктын активдеринде монетардык эмес алтын жана алтындын камы бар, алар 2020-жылдын 31-декабрына карата 13,5 млрд сомду түзгөн жана 2021-жылдын 31-декабрына карата 35,4 млрд сомго чейин көбөйгөн. 

Улуттук банк тарабынан 2021-жылы жүргүзүлгөн операциялар тууралуу маалыматтар Улуттук банктын жарыялаган финансылык отчетунда чагылдырылган жана бул отчет Улуттук банктын расмий интернет-сайтында коомчулукка жеткиликтүү.  

Улуттук банктын 2021-жыл үчүн финансылык отчету аудит боюнча эл аралык стандарттарга ылайык көз карандысыз эл аралык аудит тарабынан тастыкталып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна сунушталган.