QR-коддорун колдонуу менен товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу жана бирдиктүү төлөм мейкиндигин түзүү боюнча банктык жана төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 24-августундагы № 2022-П-14/53-4(ПС) токтому менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. 

Жогоруда аталган токтомго ылайык, коммерциялык банктар, ошондой эле мобилдик тиркемелери бар төлөм системаларынын операторлору /төлөм уюмдары, алардын агенттери, 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө кардарларга QR-кодун колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча банктык продуктуну/тиркемени/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоосу жана Кыргыз Республикасынын соода-тейлөө ишканаларында QR-кодун колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуусу зарыл. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтынын Банк тууралуу/Банк иши туралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүмүндө жайгаштырылган.