Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

эсептик ченди 14,0 пайыз деңгээлинде сактап калды 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 29-августунда эсептик ченди (негизги чен) 14,0 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим 2022-жылдын 30-августунан тартып күчүнө кирет

Геосаясий белгисиздик менен чогуу дүйнөлүк инфляциянын жогорку деңгээлде сакталышы Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө таасирин тийгизген олуттуу факторлордон бойдон калууда. Мындай шарттарда Улуттук банк экономикада инфляциялык процесстерди чектөө жана тышкы экономикалык чөйрөдөгү тобокелдиктердин таасирин азайтуу максатында акча-кредит саясатын жүргүзүүнү улантууда

Өтүп жаткан жылдын август айында1 инфляция 15,4 пайызды түздү (июль айында 13,8 пайыз). Учурдагы жылдын жай айында сезондук дефляциянын жок болушу сакталып турган инфляциялык басымдын негизги көрсөткүчү болуп саналат. Ошол эле учурда дүйнөлүк товардык-чийки зат рынокторундагы жаңы соода-экономикалык байланыштарга дүйнөлүк экономиканын ыңгайлашуусунан жана турукташуусунан улам, 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында инфляциялык процесстердин басаңдашы күтүлөт. Ошондой эле инфляциянын басаңдашына Улуттук банктын жүргүзүп жаткан акча-кредит саясаты жана өлкөдө инфляцияны турукташтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ишке ашырып жаткан чаралары да олуттуу салымын кошот. 

Кыргызстанда экономикалык жигердүүлүк ички талаптын туруктуу калыбына келиши менен колдоого алынды. 2022-жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча экономиканын өсүш арымы 7,7 пайызды түздү (Кумтөр алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда 4,7 пайыз). Сектор боюнча кыйла көбүрөөк өсүштү өнөр жай тармагы, кызмат көрсөтүү чөйрөсү жана айыл чарба тармагы көрсөткөн. Кредиттердин активдүүлүгүнүн өсүшү менен акча которуулар ички керектөөнүн жогорулашына өбөлгө түзгөн кошумча таасир көрсөттү

Улуттук банк тышкы жана ички экономикалык чөйрөнүн өнүгүү шарттарын эске алуу менен эсептик чен өлчөмүн 14,0 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Улуттук банк проинфляциялык тобокелдиктер жеңилдегенге чейин жүргүзүп жаткан акча-кредит саясатынын багытын карманат. Кандайдыр бир тобокелдиктер жаралган учурда, Улуттук банк жүргүзүп жаткан монетардык саясатка кошумча түзөтүүлөрдү киргизүүнү жокко чыгарбайт. 

Улуттук банк түптөлгөн жагдайга туруктуу негизде көз салып турат жана зарыл учурда орто мөөнөттүү мезгил ичинде баа туруктуулугун камсыз кылуу максатына жетүү үчүн тиешелүү чараларды көрөт. 

Маалымат үчүн: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын эсептик чендин өлчөмү тууралуу кийинки пландык отуруму 2022-жылдын 31-октябрында өтөт

Улуттук банк жагдайга жараша негизги чендин өлчөмү тууралуу маселе боюнча пландан тышкаркы отурум өткөрөт

1 Айдын 19уна карата абал боюнча.