Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 29-августунда «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системаcы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» № 2022-П-14/54-4-(ПС) токтомун кабыл алды.  

Өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары акча которууларды жүзөгө ашырууда террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүнүн алкагында кардарды талаптагыдай текшерүү тартибин сактоо талаптарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына ылайык келтирүү максатында киргизилди. 

Токтомдун электрондук версиясы Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында Банк тууралуу/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/ Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Ченемдик укуктук акты Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында Банк тууралуу/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Төлөм системасы бөлүгүндө жайгаштырылган.