Валюта рыногунун учурдагы салыштырмалуу турукташуусуна байланыштуу алмашуу бюролору тарабынан чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу боюнча коммерциялык банктар менен операцияларды жүргүзүүгө чектөөлөрдү убактылуу алып салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 5-сентябрында №2022-П-33/55-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 22-июлундагы № 2022-П-33/45-2-(НПА) «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомунун аракетин убактылуу токтотуу тууралуу» токтомун кабыл алды. 

Ушул токтом менен чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндөгү жогоруда аталган чектөөлөр 2022-жылдын 1-декабрына чейин убактылуу токтотулат. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.