Кыргыз Республикасынын ички рыногунда баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү, анын ичинде зергерчилик тармагын чийки зат менен камсыздоо жана баалуу металлдар менен операциялар түрүн арттыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз фондулук биржасы» жабык акционердик коому менен биргеликте (мындан ары «КФБ» ЖАК) Улуттук банк тарабынан чыгарылган 1, 2, 5, 10, 31,1035 г (1 трой унциясы) жана 100 г салмактагы өлчөнгөн алтын куймаларды «КФБ» ЖАКтын соода аянтында сатууну баштады.  

Кыргыз фондулук биржасында өлчөнгөн алтын куймаларды сатууга жана сатып алууга катышуу шарттары боюнча кененирээк маалымат «КФБ» ЖАКтын расмий сайтында жайгаштырылган.