Катышуучулар 2022-жылдын 10-сентябрында лицензияны өз ыктыярдуу кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан «Кайтарым» кредиттик союзунун өзүнүн катышуучулары аманат пайларды сатып алуусу аркылуу алардан акча каражаттарын тартуу, кредиттик союздун катышуучуларына мөөнөттүлүк, кайтарымдуулук жана төлөөгө жөндөмдүүлүк шарттарында кредиттерди берүү укугуна 2002-жылдын 3-апрелинде берилген № 366 лицензия 2022-жылдын 16-сентябрынан тартып жокко чыгарылды. 

Юридикалык дареги: Ысык-Көл областы, Тоң району, Эшперов айылы, Б. Акунов атындагы көчөсү, 49-үй.