Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн директору А. Раззаков 2022-жылдын 23-сентябрында Баткен шаарында болгон видеоконференциянын жүрүшүндө, чек ара тилкесинде жайгашкан аймактарда орун алган филиалдар менен жабдуулардан тышкары, областтагы коммерциялык банктардын филиалдары, сактык кассалары жана банкоматтары штаттык режимде иштеп жаткандыгын билдирди. 

Белгиленгендей, жабыркаган айылдарда сактык кассалар тонолгон, аларды калыбына келтирүү азырынча мүмкүн эмес. Кыргыз-тажик кагылышуусунан кийин келтирилген жалпы чыгымдын суммасы эсептелине элек. Азырынча соккудан жапа чеккен айылдарга кирүүгө мүмкүн болбой жатат. Ошондой эле, жабыркаган айылдардан калкты эвакуациялоо учурунда тургундардын паспорттору жана банктык карталары жоголгонуна байланыштуу алар үчүн банктык кызматтар жеткиликтүү эмес.  

Улуттук банк Баткен окуясынан жабыркагандарды насыя маселелери боюнча коммерциялык банктарга жана микрокредиттик уюмдарга бардык жеткиликтүү байланыш каналдары аркылуу кайрылууну сунуштайт.  

Буга чейин Улуттук банк ченемдик укуктук актыларына ылайык коммерциялык банктарга насыя алуучуларга колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушу менен кат жөнөткөн. 

Баткен окуясында жабыркагандарга коммерциялык банктар тарабынан жардам көрсөтүү маселеси 2022-жылдын 23-сентябрында Бишкек шаарында Улуттук банк менен коммерциялык банктардын жетекчилеринин катышуусунда өткөн тегерек столдо да талкууланды.  

Өз кезегинде банктар насыя алуучулардын кайрылууларын карап чыгууга жана Баткен облусуна жардам көрсөтүү үчүн бирдиктүү эсепке акча которуу аркылуу каржылык колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин белгилешти.