Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында «Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору» / «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому» бөлүгүндө жайгаштырылган.
Кызыкдар болгон тараптар токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2022-жылдын 28-октябрынан кечиктирбестен azmambetalieva@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.