Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын валюта саясаты боюнча Консультативдик кеңешинин 23-отуруму Казакстан Республикасында өттү 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы К.К. Боконтаев 2022-жылдын 28-30-сентябрында Казакстан Республикасынын Астана шаарында болуп өткөн ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын валюта саясаты боюнча Консультативдик кеңешинин 23-отурумуна катышты. 

Отурумга ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын жана финансы рыногун жөнгө салуучулардын делегациялары катышты. 

Кеңешменин жүрүшүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде акча-кредит саясатын ишке ашыруу, ошондой эле улуттук финансы рыноктору менен финансылык технологияларды өнүктүрүү маселелери талкууланды.