Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнүн 2022-2025-жылдарга каралган негизги багыттарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2022-2025-жылдарга каралган стратегиялык иш багыттарына ылайык, системанын туруктуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн бекемдөө, ошондой эле калктын банк эмес финансы-кредит уюмдарына ишенимин жогорулатуу максатында, 2022-жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын № 2022-П-33/61-2-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» жана № 2022-П-33/61-3-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталына тиешелүү маселелер боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомдор кабыл алынды. 

Токтомдордун электрондук түрү Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында Банк тууралуу/Улуттук банктын ченемдик актылары/Банк эмес финансы мекемелер ишин жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылган.