2022-жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев «Berlin Economics - German Economic Team» компаниясынын директору Рикардо Гуччи мырза жана компаниянын эксперти Вольдемар Вальтер мырза менен жолугушту. 

Жолугушуу учурунда тараптар Кыргыз Республикасындагы жана дүйнө жүзүндөгү экономикалык кырдаалды, ошондой эле келечекте эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты. 

 

Маалымат үчүн: «Berlin Economics - German Economic Team» - консалтинг компаниясы болуп саналат, анын ишмердиги өнүгүп жана өзгөрүп келе жаткан экономиканын туруктуу өсүшүнө өбөлгө түзүүгө багытталган.