2022-жылдын 10-16-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы К.К. Бөкөнтаев АКШнын Вашингтон шаарында болуп өткөн Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучуларынын жылдык жолугушуусуна катышты. 

Иш-чаранын алкагында бир катар жолугушуулар болуп өттү. Аталган жолугушууларда дүйнөлүк экономиканы өнүктүрүүнүн негизги тенденциялары менен божомолдору, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы учурдагы экономикалык абал, макроэкономикалык саясаттын чаралары, анын ичинде финансы секторунда туруктуулукту сактоо жана колдоо маселелери талкууланды.