Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына капитал шайкештиги, банктык эсептер жана сейфтер маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.  

Токтом долбоорунда төмөнкү маселелерге мазмундуу жана техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган: 

- уставдык капиталды түзүү, банктын акцияларын жана банктын капиталында чектүү катышууну сатып алуу; 

- эсептерге жана сейфте сакталган буюмдарга арест коюу; 

- дивиденддерди төлөөгө Улуттук банк тарабынан тыюу салуу же чектөөлөрдү белгилөө үчүн негиздерди кеңейтүү

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.  

Коммерциялык банктар долбоор боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2022-жылдын 21-ноябрынан кечиктирбестен aatyshova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.