Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына бухгалтердик эсепке алуу, аудит жана отчеттуулук маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.  

Токтом долбоорунда тышкы аудитордун көз карандысыздыгы жана аудитордук уюмду тартуу, ошондой эле банктык топтордун консолидацияланган финансылык отчетун даярдоо маселелери боюнча мазмунуна жана техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.  

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.  

Коммерциялык банктар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2022-жылдын 20-ноябрынан кечиктирбестен nipasova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.