Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына ылайык келтирүүнүн алкагында, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 16-августундагы № 2017-П-14/34-2-(НПА) «Элкарт» төлөм карттары аркылуу эсептешүүлөрдүн улуттук системасын башка өлкөлөрдүн улуттук/эл аралык төлөм системаларына интеграциялоо долбоору үчүн эсептешүүчү агентти тандоо критерийлери жөнүндө» убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Токтом долбоору боюнча кызыкдар болгон тараптар өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2022-жылдын 20-ноябрынан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, ошондой эле электрондук версиясын (Word форматында) ntaalaibekov@nbkr.kg электрондук дарегине жөнөтүүсү зарыл.